Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 26.09.2019 13:59 На русском

Өгөй балдары үйүнөн кууп чыкканын айткан О.Айдаралиева акыйкат издейт. Видео

Turmush -  Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Орозбүбү Айдаралиева жолдошу каза болгондон үч күн өткөндөн кийин өгөй балдары үйүнөн чыгарып койгонун айтууда. Тогуз жылдан бери соттошуп келген айым соттордон акыйкат чечим чыгарууну өтүнөт. Окуянын чоо-жайын ал АКИпресс—Жалал-Абад маалымат борборундагы жыйында айтып берди.

О.Айдаралиева 55 жашта. Биринчи жолдошунан 2 балалуу болгондо ажырашып кетишкен. Андан кийин 1997-жылы экинчи жолу турмушка чыккан. 14 жыл бирге түтүн булатып жашаган түгөйлөр 8 баланы тарбиялашкан.

«Экинчи жолдошума 1997-жылы турмушка чыктым, анын жубайы каза болуп, төрт баласы менен калган экен. Мен барганда өгөй балдарымдын улуусу 14, кичүүсү 4 жашта болчу. Аларды энелик мээрим менен карадым, бактым. Жолдошум экөөбүз эки балалуу болдук. Биринчи жолдошумдан тапкан эки баламды ээрчите келгем, экөөбүз 8 баланы карадык. Жашоодо түрдүү кыйынчылык болот экен, жолдошум карыз болуп калды. Банктарга барсак бизге насыя берилиши кыйын болуп калыптыр. Ошол үчүн жолдошумдун суранычы менен биздин чакан кафени бир тууган сиңдиме курулай бүтүм менен бердик. Ага 400 миң сом насыя алдырдык. Кийин дүкөндү сатып, ал банктагы насыяны жаап салдым. 2008-жылы жолдошум инсульт болуп, 2010-жылы дүйнө менен коштошуп кете берди. Жолдошум каза болгондон кийин 3 күн өткөндө өгөй балдарым мени үйдөн айдап чыгышты. Төрт баламды ээрчитип, кийимдерди алып гана чыгып кеттим», - дейт Орозбүбү Айдаралиева.

Анын айтымында, жаңы эки кабаттуу үйдүн курулушуна салымы чоң. Анткени ал үйгө баргандан кийин жашап жаткан үйүн бузуп, кайрадан эки кабаттуу үй тургузушкан. Ишкерлик менен алектенгендиктен бар күчүн, акчасын жумшаган үйдөн куулуп чыкканына нааразы.

Жолдошун жоготкон жылы эле соттон чакыруу келген. Себеби, М.Эралиев аттуу улуу баласы дал ошол үйдү өзүнө өткөрүү боюнча сотко кайрылган. Майлуу-Суу шаардык, облустук жана Жогорку сот үйдүн 75 пайызы балдарына өтсүн деген өкүм чыгарышкан. Ал мындай чечимге каршы экенин билдирүүдө.

«Улуусу биринчи ушул үй боюнча сотко берди, мен болгону каршылык билдирип келе жатам. Ал үйдү мен келгенден кийин жолдошум экөөбүз чуркап жүрүп салганбыз. Мага турак жайдын 25%ы гана тийди», - дейт ал.

Учурунда убактылуу өткөрүп турган кафенин айланасында дагы сот иштери жүрүп жатканын айтып, бул маселенин акыйкат чечилишин көзөмөлдөп коюуну бийлик өкүлдөрүнөн өтүнөт.

«Негизи азыр талаш жаралып жаткан кафеге маркум жолдошумдун эч кандай тиешеси жок болчу. Мен иштеген мекеменин кесиптик кошууну жесир аял экенимди эске алып, жер бөлүп беришкен. Иштеген мээнетимдин акысы катары берилген жерди да өгөй балдар өздөрүнө алгысы келип жатат. Аны жолдошумдун суранычы менен бир тууган сиңдиме ишенип, кафени сатпастан өткөрүп тургам. Ал кафенин документтерин жолдошум менен жакшы мамиледе жүргөн Кожобеков деген жергиликтүү тургунга күрөөгө коюп, 100 миң сом алып алыптыр. Бул сумма 650 миң сом болуп кетти деп эптеп нан таап келген кафени тартып алды. Бир апта мурун өзүм билемдик менен кулпулап салды. Укук коргоо органдарына кайрылдым. Бул кафенин айланасында дагы сот иштери жүрүп жатат. Бир тууган сиңдимдин да ойлору бузулуп кетерин күткөн эмесмин. Ага сатпастан өткөрүп тургам, экөөбүздүн ортодо түзүлгөн кагаздар сот тарабынан жокко чыгарылды. Сиңдимден сатып алган адамдын да актысы жокко чыгарылды. Ага карабастан туура эмес аракеттерди жасап жатат. Азыр да бул иш сотто каралып жатат. 9 жылдан бери соттошуп келебиз.

Өлкө башчыдан, өкмөт башчыдан бул ишти көзөмөлгө алууну жана соттордон акыйкат чечим чыгарууну өтүнөм», - деди Орозбүбү Айдаралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×