Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 24.09.2019 18:44 На русском

Тогуз-Тородо ит атам деген тургундун көзүнө октун бөлүкчөлөрү кирип кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ийрим айыл аймагынын Арал айылында 1994-жылы туулган Н.Р. аттуу жашоочу ит атуу үчүн сактап жүргөн сайсыз мылтыгын колдоном деп көзүнөн жабыркаган. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургун өз короосунда ит атмак болгон. Ал эскилиги жеткен мылтыгын даярдап жатканда ок туруучу бөлүгү жарылып кеткен. Анын кесепетинен тургундун көзүнө октун чачырандылары кирип кетти. Ал эч кимге кайрылбастан борбордогу ооруканага барган.

«Милицияга түшкөн маалыматтын негизинде ал куралды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталган. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, ал тургун кимдир бирөөлөр тарабынан жабыр тарткан эмес. Окуя кокустуктан улам болгон», - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×