Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 19.09.2019 16:07

Улуттук көчмөндөр оюндары: Тогуз-торолуктар 200дөн ашык улуттук тамактарды жасап келишти (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад облусунун атынан сынакка катышкан боз үйлөр тааныштырылды.

Чебер айым Мавлюда Азимова сынакка катышып жаткан хан өргө кылдаттык менен жасалгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Көчмөндөр оюндарына Тогуз-Торо районунан 200дөн ашык улуттук тамактар жасалып келген.

«Бул тамактар унутта калып бара жаткан даамдар. Мурун ата-бабаларыбыз гүлазык жасап, энелерибиз анын түрүн билишкен. Бүгүн улуттук тамактарды көрсөтүү үчүн атайын келдик», - деди тогуз-торолуктар.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, Таласка Жалал-Абаддан 400гө жакын адам келди.

«Бүгүн, 19-сентябрь күнү маданий иш-чаралар башталып, Саймалуу-Таш аймагы жана Нооруз майрамы боюнча сахналаштырылган көргөзмө коюлду. 7 боз үй тигилип, анын бири боз үйдү тез чечүү боюнча сынакка, экинчиси кооздук жасалгасы боюнча сынакка даярдалды. 60ка жакын спортчубуз 10 түрдөгү спорттук оюндарга катышууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×