Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.09.2019 14:17 На русском

Ат-Башыда ойноп жүрүп жоголгон Адилет Бишкектен табылды. Бирок…

Turmush -  Ат-Башы районунда дайынсыз жоголгон Адилет Бишкек шаарындагы көчөдөн табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Адилет 12-сентябрь күнү энесин издөө максатында Бишкек шаарын көздөй чыгып, бирок таппагандыктан көчөдө жүрө берген. Аны чоочун балдар көрүп, Свердлов РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерин чакырышкан.

«Бирок өспүрүм атасына баруудан баш тартканына байланыштуу Бишкек шаарындагы жашы жете элек балдардын «Айданек» муниципалдык борборуна өткөрүлүп берилди», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Айрым маалыматтарга караганда, Адилеттин апасы Түркияда эмгектенип жүрөт.

Буга чейин Turmush басылмасы Ат-Башы районунда өзүнүн үйүнүн алдында ойноп жаткан 13 жаштагы бала дайынсыз жоголгону тууралуу жазган.

IMG-20190916-WA0005_1568615942858

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×