Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.09.2019 10:49 Жаңыланды: 16.09.2019 19:36 На русском

Топ балдардын токмогунан каза болгон Мунарбек быйыл үйлөнмөк. Маркумдун акыркы каалоо-тилеги. Видео

Маркум Мунарбек Бекишов
Маркум Мунарбек Бекишов

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдун жанында массалык мушташтан каза болгон Мунарбек 7-сентябрь күнү досунун тоюнда сүйлөгөн сөзү анын жакындарына айткан акыркы каалоо-тилеги болуп калды. Маркумдун достору ошол тойдогу видео аларда сакталуу экенин айтышты. Алар аймактык кабарчыга Мунарбек сабалган каргашалуу күн тууралуу айтып беришкен.

Окуя болгон күнү Мунарбек менен чогуу жүргөн 2 досу учурда ооруканада дарыланып жатышат. Мунарбек менен кошо сабалган жигиттер ысымын өзгөртүп коюуну суранышты.

9-сентябрь күнү 3 классташ — Мунарбек Бекишов жана Нурбек, Бекмырза (аттары өзгөртүлдү) Жалал-Абад шаарына барышкан. Ал күнү Нурбек менен Бекмырза Мунарбекти Казакстанга узатышмак. Бирок Казакстанга кете турган жүргүнчүлөр толук болбой калгандыктан, унаа 10-сентябрда кетмей болот.

Мунарбектин досу Нурбек: - Мунар экөөбүз 7-сентябрда досубуздун тоюнда бир унаага түшүп, ошол жерден сүйлөшкөнбүз. Мунарбек: «Кудай буюрса мен да жакында үйлөнүп, ушундай кооз той уюштурам. Нурбек, ошол тойдо сен күйөө жолдош болосуң» деп айткан. Ал спортко жакын, бою да узун, спирт ичимдиктеринен, чылым чегүүдөн алыс жүргөн бала болчу. Той болгон күнү да спирт ичимдигин ууртаган эмес. 9-сентябрь күнү түштөн кийин досумду узатуу үчүн шаарга барып, Казакстанга кетчү унаа түндө чыгып кетмей болгон. Бирок 1 жүргүнчү кетпей калып, Казакстанга 10-сентябрда эртең менен кетишмек. Кайра Базар-Коргонго барбай эле коёлу деп Бекмырза шаарда жашаган эжеси менен сүйлөшүп, анын үйүндө калмай болдук. Бирөөнүн үйүнө барсак ток баралы деп тамактанып, кечинде сейил бактарды кыдырдык. Барпы-Сейил көчөсү менен унаада бара жатканда жаңы ачылган түнкү клубду көрүп калдык. Мунар «клубдун ичин көрүп чыгайынчы, кандай болуп калды экен?» деп жөн гана ичин көргөнү кирип кеткен. Унааны жолдун жээгине коюп, Бекмырза экөөбүз телефон карап отурганбыз. Көп өтпөй клубдун ичинен 3 жигит досубузду сабап чыгышты. Биз унаадан түшүп, аларды арачалоого барганда бирөөсү клубдун ичинен топ балдарды чакырып чыкты. Алардын ичинен ак түстөгү спорттук кийимчени Мунарбекти четке жетелеп жөнөгөндө ошол жердеги бирөөсү Бекмырзанын башына урду. Анан үчөөбүздү сабап киришти, үчөөбүз үч жакка качтык. Мени бирөө артымдан урганда жыгылып калдым. Турайын деп жатканда бирөөсү көзүмө тепти, эч нерсени көрбөй калдым. Бирөө таш менен дагы сокту, таш далыма, жамбаш тарабыма тийди. Бөйрөк тарапка да тепкилеп жатышты. Андан кийин эптеп дүкөн тарапка барып, Бекмырза экөөбүз жолугуп калдык.

Учурда бир көзүм жакшы көрбөй жатат. Досубуз клубдун артына качканда баары анын артынан чуркашыптыр. Бекмырза экөөбүз Мунарбекти издей баштадык, телефон чалсак алган жок. Анан тез жардам унаасы келип калды. Эмне болду экен деп барсак, биздин досубуздун оозунан кан чыгып, аны тез жардам кызматынын адистери унаага салып жатышыптыр.

Ал эми Бекмырза аларды ур-токмокко алган балдардан спирт ичимдиги жыттанып турганын, доктурлар кечиктирбестен алгачкы жардамды көрсөткөндө мүмкүн Мунарбек аман калмак деген оюн билдирди.

Бекмырза: - Саат 23:30 чамасында окуя болгон жерге тез жардам унаасы келди. Мунарбектин абалы оор, ал эми Нурбек шок абалда болчу. Нурбек башына катуу сокку жегендиктен кээде өзүн жоготуп, кусуп жатты. Ата-энем Россияда дарыгер болуп иштешкендиктен үйдөн алгачкы кечиктирилгис жардам кандай көрсөтүлүшү керек экенин көп айтып, түшүндүрүшчү. Ошол күнү жардамга келген фельдшер кыз жаш болгондуктан Мунарбектин абалын көрүп эле өзүн жоготуп, колдору титиреп, эч нерсе кыла алган жок. Тез жардам унаасында бара жатканда досумдун мурду сынып, оозу шишип кеткендиктен дем алуусу начарлап, денеси көгөрүп, титиреп, колу-буту тырышып калды. Андай учурда оозуна түтүк салып, өпкөдөгү канды тазалап, дем алууну турукташтыруу керек болчу. Бирок мага фельдшердин аларды жасоодон коркуп жатканы байкалып турду. Жолдо бара жаткан учурда Мунарбектин оозунан кан чыгып, эс-учун жоготту (приступ). Ал учурда да фельдшер эч нерсе кыла алган жок. Мен Мунарды капталынан жаткырып, оозунан чыгып жаткан канды тазалап, колумдан келген жардамды көрсөтүп жаттым. Бир маалда дем алуусу токтоп калды, араң ооруканага алып келдик. Бирок ооруканадан дагы дарыгерлер кайдыгер мамиле жасашып, Нурбек экөөбүзгө Мунарбекти 2-кабатка жандандыруу бөлүмүнө жеткиргиле дешти. Ал жакка араң алып чыксак: «Дарыгер жок, биз ийне гана сайып турабыз, башкы дарыгер эртең менен келет» деп ар кандай шылтоону айтышты. Мен доктурлар менен бирге Мунарбекти керебетке жаткырып жүргөм. Коридорго чыксам, Нурбек эсин жоготуп коюптур. Ал жерден дарыгерлерге «нашатыр спиртин алып келгиле» деп кыйкырдым. Аны Нурбекке жыттатып, өзүнө келтирдик. Ак халатчандар Нурбекти карап да коюшкан жок. Кийинчерээк доктурду талап кылсак бир доктур келип, Мунарбектин башын, ички органдарын, өпкөсүн аппарат менен текшерүү керек деп айтты. Менин билишимче баш мээсинен катуу жаракат алган бейтапты ордунан жылдырбаш керек. Бирок алар менин сөзүмдү укпай, Мунарбекти эптеп ордунан кыймылдатып, аппарат менен текшеришти. Ошол учурда Мунарбектин абалы, дем алуусу начарлап, денеси көгөрө баштады. Анын кийимдерин чечип, оозу-мурдун тазалагандан кийин гана абалы турукташкансыды. Андан кийин мен эсимди жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам, жаныбызда досторубуз жүрүптүр. Мунарбек бүгүн (15-сентябрда) жерге берилди. Досубуздун тоюна эмес, жаназасына да катыша алган жокпуз.

Нурбек менен Бекмырза досунун өлүмү милиция тарабынан акыйкат каралып, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек экенин кошумчалашты.

Буга чейин Turmush басылмасы 26 жаштагы Мунарбек Бекишов 13-сентябрда саат 10:00дө ооруканада каза болгонун жазган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарындагы «Дина» түнкү клубунун жанында болгон жаңжалдан кийин эки жигит кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Мунарбекке бейтааныш жигиттер пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алышкан. Мунарбек денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Мунарбектин окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, соттук-биологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Ошондой эле аталган окуяга тиешеси бар делген адамдардын өздүктөрү аныкталып, 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Андан кийин мушташка тиешеси бар делип дагы 2 шектүү кармалып, жалпы 4 шектүү эки айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×