Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.09.2019 16:50 На русском

Айдоочудан акча опузалаган кылмыштуу топко тиешеси бар «Басмач» колго түштү. Видео

Turmush -  Чаткал районунда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген «Басмач» каймана аттуу шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган тургуну Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу унаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бара жаткан. Ошол учурда бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн Болот деп тааныштырып, «ушул жолдо жүргөнүң үчүн 10000 сом бересиң» деп опузалап коркутуп, оор жүк ташуучу унааны 3-4 саат жолдо кармап турушкан.

Бул факт боюнча жана арыздын негизинде топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Чаткал РИИБдин тажрыйбалуу милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген «Басмач» каймана аттуу шектүү кармалды. Чаткал районунун 1989-жылы туулган тургуну У.Б. («Басмач») жана анын 1997-жылы туулган С.Д. аттуу шериги камакка алынган. Алар 2 айга Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси териштирилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×