Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.09.2019 15:00 На русском

Тогуз-Тородо миң кою менен карда калган эки чабан коопсуз жерге жеткирилди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Тогуз-Торо районунда 1000 кою менен карда калган эки чабан коопсуз жерге жеткирилди.

Маалым болгондой, 9-сентябрь күнү жаан карга айланганда эки чабан 1 миңге жакын кою менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калышкан. Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошовдун тапшырмасы менен ошол күнү түн жарымда жайыт пайдалануучулар жана тийиштүү адистер барып, чабандарды койлору менен алып келишкен.

«Азыркы тапта чабандар Саймалуу-Таш паркынын Кылдоо участкасына жайгаштырылды. Жергиликтүүлөр жардам берип жатышат. Азыркы тапта Казарман—Жалал-Абад жолу тазаланууда. Андагы жолдо 1,5 метрге чейинки карт күрткүлөр түшүрүлүп жатат. Эртең жол ачылса чабандар жолго чыгат», - деп билдиришти акимчиликтен.

9-сентябрда Кыргызгидромет 10-сентябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экенин кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×