Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 09.09.2019 16:43

Кербенде кинотеатрдагы кафени жабууну сунушташты (сүрөт)

Turmush -  Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Чыңгыз Айтматов атындагы «Алтын-Казык» кинотеатрында иштеп жаткан кафени жабууну өтүнүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, тамактануучу жай 2016-жылдан бери кинотеатрдын ичинде иштеп келет. Ал жер жеке ишкерге берилген. Кафе жаңы ачылганда айрым тургундар нааразычылыгын билдирип чыгышкан болчу.

Буга чейин Кербенде «Алтын-Казык» кинотеатры кафе катары иштеп жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×