Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.09.2019 18:12

Кара-Көлдө кышка даярдык маселеси каралды

Turmush -  Кара-Көл шаары быйылкы жылдын суук мезгилине даяр. Бул тууралуу 6-сентябрда өткөн шаардык коллегияда айтылды.

Иш-чаранын күн тартибинде 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө маселе каралып, коллегияны шаар мэри И.Еркеев алып барды. Коллегиянын жүрүшүндө шаар калкын жана экономика тармактарын күз-кышка даярдоо тууралуу бекитилген иш-аракеттер тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан канчалык деңгээлде аткарылып жатканы тууралуу маалыматтар берилди. Шаар башчысынын айтымында, облустук коллегияда да Кара-Көл шаары күз-кыш мезгилине даяр экени белгиленген.

Иш-чаранын соңунда бардык мекеме-ишкана жетекчилерине шаар тургундарынын жана ар бир мекеме-ишкана өздөрүнүн кызматкерлеринин, жумушчуларынын арасында кышка карата азыркы учурдан баштап көмүр, отун, тоют камдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүрзүү боюнча милдеттендирилди. Шаардык электр тармактар ишканасына №6, №2 орто жана №7, №8 башталгыч мектептердин аймагындагы трансформаторлорду утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Кетмен-Төбөнүн Жийде, шаардагы Ак-Таш, Чоң-Таш көчөлөрүнө мамычаларды жаңылап орнотуу тапшырмасы берилди. №30 жол тейлөө ишканасынын башчысына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, адам өмүрүн сактоо, материалдык зыяндарды болтурбоо максатында шаар ичиндеги ички жолдордун жана Бишкек-Ош автожолунун жамоо иштерин талапка ылайык жүргүзүү, чөгүп кеткен жолдорду, аялдамаларды калыбына келтирүү, тиешелүү жерлерге жол кыймылын жөнгө салуучу жол белгилерин орнотуу жана эскилерин жаңылоо иштери тапшырылды. Ошондой эле автожолдор аркылуу үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо үчүн атайын техникалардын даярдыгын камсыз кылууну, тиешелүү инерттик материалдарды 1-октябрга чейин даярдоо иши жүктөлдү. Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысына Токтобек-Сай айылына кетүүчү электр чубалгылардын абалын текшерүү, Бишкек-Ош унаа жолунун жээгиндеги мамычалардагы тармактардын илинген чубалгылардын мыйзамдуулугун кароо октябрь айына чейин аткарылышын милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×