Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.09.2019 12:47 На русском

Жалал-Абаддын базарларында мөмө-жемиштин баасы кандай?

Turmush -  Жалал-Абаддын базарларында мөмө-жемиш, жашылчалардын баасы былтыркыга салыштырмалуу бир кыйла кымбат деп билдиришти сатуучулар. Аймактык кабарчы таң заарда дүң баада соода кылган дыйкан менен ортомчулардын соодасына көз салып келди. Бир күндүк саресепте эле дыйкандардан алынган жашылча, мөмө-жемиштердин килограммына 15 сомго чейин кошуларын көрүүгө болот.

Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарында жумуш таңкы саат 05:00-06:00дө кызыйт. Анткени таң эрте дүң баада жашылча, мөмө-жемиштерди алып келген ортомчулар жана дыйкандар сатуучуларга өткөрүп кетишет.

46 жаштагы Сагын Жакыпов Баткен облусунун Айдаркен шаарынан сабиз алып келип сатып жаткан ортомчулардын бири. Ал быйыл жашылчалардын баасы өскөнүн айтат.

«Өзүм 30 сотых жерге сабиз эккем. Андан 15 тоннага жакын түшүм алып, аны Жалал-Абадга алып келип дүңүнөн 18-20 сомдон сатып жатам. Быйыл баа бир аз жакшы, анткени былтыркы жылы дүңүнөн 10-11 сомдон сатып жатканбыз»,- дейт ал.

Ал эми дагы бир ортомчу Марат Кадыров Чүйдөн пияздын киллограммын 9 сомдон сатып алып, Жалал-Абадда дүңүнөн 11 сомдон сатып жатканын айтты.

«Өткөн жума Чүйдөн 30 тонна пияз алып келдим, аны сорттоп, урунуп калгандарын таштандыга чыгардым. Ошондо 30 тоннадан 200 килограммга чейин таштанды чыкты. Азыр 11 сомдон сатып жатам», - деди ортомчу.

«Береке» базарындагы эртең мененки баалар:

- Картошка 16 сом;
- Пияз 10-11 сом;
- Болгар калемпири 18 сом;
- Сабиз 18-20 сом;
- Капустанын 1 даанасы (орточо) 30 сом;
- Дарбыз 10 сом;
- Коон 18 сом;
- Шабдалы 30-35 сом;
- Жүзүм 45 сом;
- Помидор 20 сом;
- Бадыраң 28 сомдон 30 сом чейин.

Ал эми түшкө жакын ушул эле жашылча-жемиштердин баалары борбордук базарда 5 сомдон 15 сомго чейин кымбатыраак экенин байкалды.
- Болгар калемпири 35 сом;
- Сабиз 30 сом;
- Пияз 25 сом;
- Бадыраң 40 сом;
- Помидор 35 сом;
- Шабдалы 50 сомдон 80 сомго чейин;
- Жүзүм 60 сом;
- Алма 70 сом;
- Анар 120 сом;
- Кулпунай 100 сом;
- Кожогат (1 кг) 120 сом;
- Карагат (1 кг) 150 сом;
- Дарбыз 12 сом;
- Коон 25 сом.

Сузак районунун 72 жаштагы тургуну Жеринди Арыкбаева мөмө-жемиштердин баасы кымбаттап, элге кыйынчылык болгонун жашырбайт.

«Биздин айыл адырдын арасында болгондуктан дыйканчылык кылууга ыңгайлашкан эмес. Суу жок, мындай мөмө-жемиш, жашылчалар өсө бербейт. Ошол себептен мындай жашылчаларды базардан гана сатып алууга аргасызбыз. Алдыда кыш келе жатат, консерва жаап, кышка камынышыбыз керек. Быйыл базар кымбатчылык болууда, бир эле мөмө-жемиш эмес, жашылчалар деле кымбат. Элге кыйын болду, аргасыз эле сатып алуудабыз. Былтыркы жылы бир аз арзанчылык болуп билинген эмес», - деди карыя.

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы Автандил Дүйшеев быйыл базарда жашылча-жемиштердин баалары арзан деген пикирин айтты.

«Биздин департамент жумасына эки ирет базардагы бааларды карап, салыштырып турабыз. Негизинен облусубуздагы жана башка облустан келген дыйкандар жана ортомчулар “Береке” базарына келип продуктусун башка базарларга таркатышат. Базарга шаар аймагындагы, Сузак, Шамалды-Сайдан жана Баткен, Өзбекстандан келген жашылча-жемиштер кирет. Ал эми алардын баалары боюнча башка кызмат көзөмөлгө алат, биз жөн гана бааларды салыштырабыз. Менин пикиримде быйыл бир топ арзанчылык болуп, калкка жакшы болду деген менен дыйкандардын мээнети акталбай калды», - деди ал.

Жалал-Абад шаарында азык-түлүк саткан 5 базар бар. Орто эсеп менен бир күндө облустун борборундагы базарлардан 10 миңден ашык адам соода кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×