Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.09.2019 16:56

Чаткалда 2 айылды бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

Turmush -  Чаткал районунда Чандалаш айылы менен Жаңы-Базар айылын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көпүрөнүн курулушу 2011-жылы башталып, бирок ар кандай себептер менен аягына чыкпай келген. Көпүрө жоктугунан улам Чандалаш айылындагы окуучулары кышкысын Жаңы-Базар айылына көчүп барып, билим алышат.

Көпүрөнү куруу иштерине 17 млн 600 миң сом акча жумшалып, 1 жыл аралыгында ишке берилди.

Буга чейин көпүрөнүн курулушу бүтсө Чандалаш айылынан 200 адамга үй куруу үчүн жер бериле турганы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×