Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 06.09.2019 10:51

«Көпчүлүк эркектер аялы көзүнө чөп салганда депрессия болушат»: Дарыгер А.Төлөгөнованын тажрыйбасы

Turmush -  Эмне үчүн адамдар депрессия болот? Кантип алдын алса болот? Бул суроолорго Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатр-нарколог дарыгери Асылгүл Төлөгөнова жооп берди.

Депрессия – адамдын басмырланган, көңүлү чөккөн абалы, сар-санаага батуу, куса болуу, кайгылуу маанайы.

«Азыркы учурда дүрбөлөңгө түшкөн жаштар көп болуп жатат. Мурда биз мугалим уруп койсо эч нерсе болгон эмеспиз. Азыр ата-энеси тилдеп койсо сууга чуркап же дары ичип алышат. Мунун себебин биз маалыматтын көптүгү менен байланыштырсак болот. Мындан тышкары ааламдашуу доорунун аң-сезимге тийгизген таасири абдан чоң. Ошондой эле балдар өз укуктарын аябай жакшы билишет.

Электен өтпөгөн маалыматтын көптүгү жакшылыкка алып барбайт. Ушул маселени да колго алышыбыз керек. Баланы замандын талабына жараша тилин таап тарбиялоо зарыл», - деди ал.

Анын айтымында, депрессия күчөп, нервдик-психикалык ооруга айланып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары ички организмге коркунучтуу ооруларды чакырат.

20190821_153743(1)

«Ал эми стресстин жеңил, орточо, курчуп кеткен түрү бар. Үй-бүлөлүк көйгөйдөн улам депрессияга түшүп калгандар орточо түрүнө кирет. Азыр жол кырсыгында 3-4 жакынын жоготкондор катуу стресске түшүп калышууда. Кечээ эле бир келин келди. Жол кырсыгынан жолдошу, уулу каза болуп калыптыр. Ушундай учурда сөзсүз турдө дарыгерге кайрылышы керек. Стресс буту-колу иштебей, шал болуп жатып калганга чейин алып барат. Сүйлөбөй, тамак ичпей, арыктап кетет. Арыктаганда гемоглобин түшөт, кан басымы өйдө-төмөн болот. Бир эле депрессиянын аркасынан көп оору пайда болот.

Эркектер ажырашканда, аялы көзүнө чөп салганда же каза болуп калган убакта келишет. Жакында бир киши келип, «аялымды 350 миң сомго дарылагандан кийин каза болуп калды. Акчага кайгырбайм, бирок аялымды аман алып кала албадым. Уктай албай жатам, эмне кылам?» деди. Азыр депрессияга түшкөндөр көп. Көпчүлүгү молдого бардык, бирок оңолгон жокмун деп келишет.

Мурда Кыргызстанда стресс менен жабыркаган адамдардын саны аз болчу. Америкада азыркы биз өткөрүп жаткан көрүнүштү эчак эле жашап өтүптүр. Алар бир нерсе болсо эле дарыгерге чуркашат.

Дарыгер катары элдерге кайрылат элем. Кандай гана болбосун сабырдуулук керек. Ачуулукка, жеңил ойлуулукка алдырбайлы. Жашоону дайыма ак жана кара ээрчип жүрөт. Эртеби-кечпи баарыбыз аркы дүйнөгө барабыз. Өтө тажаалдангандар бар. Алар бети-колун тытып, кыйкырынып, өкүрүнүшөт. Мындай убакта алар оор депрессияга түшүп калат», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×