Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.09.2019 12:10 Жаңыланды: 04.09.2019 18:11

Сүрөт — Кан чачырата өпкө чапмай жөрөлгөсү эмне үчүн колдонулат?

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, кыргыз тилчи мугалим Каныкей Акимова уулун үйлөнтүп, өпкө чапмай жөрөлгөсүн жасады. Бул каада-салттын мааниси тууралуу ал аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, өпкө чапмай салты жаш жубайлар жаңы үйлөнгөн учурда жасалат.

«Өпкө чабуу ата-бабалардан бери келе жаткан салт. Бул жөрөлгө жаш жубайлар жаңы баш кошкондо «Эки жаш бактылуу болсун, башына жамандык келбесин, көп балалуу болсун» деген жакшы тилектер менен жасалат.

Алгач эчки союлуп, жылуу өпкөнү экиге бөлүп алышат. Өпкөнү көбүнчө улуу муундун өкүлдөрү, байбичелер бата берип чабышат. Үйлөнүп жаткан кыз-жигитти бири-бирине желкесин тийгизип отургузуп, кан чачырабасын деп үстүн чапан менен жаап коюшат. Кыздын колун жеңелери, баланын колун достору кармап турушат. Өпкө чабылганда жеңелер кызды, баланы достору колунан тартып тургузушат. Кимисинин тарапташтары шамдагайлык кылып биринчи тартып алса, ошол үйдү башкарып, өткүр чыгат деп айтылат», - деди Каныкей Акимова.

Ал эми акын, жазуучу Разия Кошматованын айтуусунда, өпкө чабуу ырымынын мааниси абдан терең.

«Эчки табиятынан жеңил, так секирип, тоо-ташта жүрөт эмеспи. Ошол себептен түлөө өткөрүп, бата алганда дагы «ишиң жеңил, ийгиликтүү болсун» деген ниет менен эчки союшат. Ошондой эле «Өпкөмдү садага чабайын, жаным сага садага» деп эне баласын бекеринен эркелетип айтпаса керек. Өпкө чабуу садага чабуу деген маанини дагы түшүндүрөт. Мындан сырткары, башынан суу айлантып, чачуу салты дагы бар. Бул жөрөлгө илешкен жамандыктар ушул суу менен агып кетсин деген ниетте жасалат», - деди ал.

Ал эми манасчы Салимбай Турсунбаев өпкө чабуу салты «Манас» эпосунда дагы бар экенин айтат.

«Өпкө чабуу салтынын ордуна убакыттын өтүшү менен улак союп жатышат. Бул салт «Манас» эпосунда дагы кездешет. Мисалы, Көкөтөйдүн бай экени, анын малынын саны белгисиз, эсепсиз экени айтылат. Ал 75 жашка келгиче бала көргөн эмес, анан Бокмурунду талаадан таап алып, багып алат эмеспи.

Ошондо:

Бокмурун деген баланы талаадан таап алыптыр,

Жети катын баланы жетелеп жүрүп багыптыр.

Тушунда карап турчу экен, күнүгө эмнени тилесе,

6 торпок, 7 эчки садага чапчу экен, деп айтылат.

Көкөтөй күнүнө Бокмурунга 6 торпок менен 7 эчкинин өпкөсүн садага чаап койчу экен. Өпкө чабуу салты «жаныңа садага» деген маанини түшүндүрөт. Өпкө чабуу салтынан башка 6 торпок, 4 эчки кескилетти деген жерлери дагы бар. Кескилетти дегени малды союп, жолдун айрылыш жерине туруп алып, этин чийки таратып жиберүү дегенди түшүндүрөт. Бул «жанына жаны садага» дегенди билдирет. Өпкө чабуу салты кескилеткен салтынан кийин чыкты. Булар «Көкөтөйдүн ашы» деген бөлүктө кенен сүрөттөлөт», - деди ал.

Ал эми шаардын имамы Бектен ажы Керезбаевдин айтуусунда, өпкө чабуу салты шариятта жок.

«Бул кыргыздын салты, бирок шариятка туура келбейт. Жамандык кетсин деген ниет менен эчки союп, өпкө чапты кылып, элге чай берип жатышат. Элди чакырып чай берүүнү шариятта «эхсан» деп коюшат. Алар дуба кылып, бата беришет. Ал эми өпкө чабуу салты шариятта жок», - деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×