Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.09.2019 12:10 На русском

Аксакалдар Балыкчы—Жалал-Абад жолун Ынтымак жолу деп атоону сунушташты

Turmush -  Эгемендүүлүк күнүн утурлай Чүй облусунун делегациясы Жалал-Абад жергесине келишип, майрамдык салтанатка күбө болушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аларды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да кабыл алды.

«Ынтымак кербени» иш-чарасынын алкагында келген делегаттарды 29-августта алгач Токтогул районунун бийлиги тосуп алышса, андан кийинки жолугушуу Аксы жергесиндеги «Сары-Челек» биосфералык коругунда уланды.

Райондо «Карым-катнаш бул — достук, ынтымактык, биримдик», «Улуттук каада-салт, үрп-адат бул — маданий мурастарды кийинки муундарга өткөрүү» деп аталган тегерек стол да өтүп, аксакалдар өз ойлорун ортого салышты. Чүй облусунун делегациясын баштап келген ыйгарымдуу өкүлдүн кеңешчиси Өмүрбек Караевдин айтымында, бул саамалык эл биримдигин, ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө болот.

«Бардык райондун эли бизди жылуу маанай менен тосуп алып жатышты. Бул биздин биримдигибизди дагы бекемдейт. Аксакалдар жаңыдан курулуп жаткан Балыкчы—Жалал-Абад жолун Ынтымак жолу деп атап, түндүк-түштүк деген түшүнүктү жоюп салуу демилгесин көтөрүштү», - деди ал.

40 кишиден турган делегацияга, шаар тургундарына Барпы театрынын чыгармачыл жамааты Мар Байжиевдин «Адашкан адам» спектаклин тартуулашты. Андагылар спектакль үй-бүлө бүтүндүгүн сактап калууга чакырык ташталган, мааниси терең чыгарма экенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×