Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.08.2019 10:28

«Апамдын наны» акциясы: Жоокерлердин жазган каты энелерди ыйлатты (сүрөт)

Turmush -  Эгемендүүлүк майрамын утурлай Ала-Бука районундагы күч түзүмдөрүнүн №30670 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерден энелер кабар алышып, аларга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Ала-Бука райондук администрациядан маалымдашты.

Маалым болгондой, «Апамдын наны» акциясына райондун акими Эмил Абдыкадыров дагы катышты.

«Акцияны бул жолу Достук айылындагы апалар уюштурушту. Ал Эгемендүүлүк майрамына арналгандыктан энелер балдарга чачык, тиш паста сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды тартуу кылышты. Иш-чаранын алкагында жоокерлер арасында «Апама кат» сынагы уюштурулуп, мыкты жазгандар сыйлыкка татыды.

Жоокерлердин апаларына жазган каттары энелерди ыйлатты», - деп билдиришти акимчиликтен.

Акциянын алкагында апалар атайын даярдап барган сый-тамактарын тартуулашты жана жоокерлер арасында аркан тартыш оюну дагы өткөрүлдү.

Ала-Бука районунда акыркы 5 жылдан бери 23-февраль — Мекенди коргоо күнүнө жана Эгемендүүлүк майрамына карата «Апамдын наны» акциясы уюштурулуп, жоокерлерге көңүл бөлүнүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×