Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.08.2019 09:41

Ноокенде 20 жылдан бери вагондо иштеген энергетиктер жаңы имараттуу болушту

Turmush -  Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын Сакалды участкасындагы бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

29-августта өткөн ачылыш аземге «Жалал-Абад электр» ААКтын башкы директору Кеңешбек Маматканов, райондун акими Эркин Маматаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын Сакалды участкасындагы бөлүмүндө авариялык абалды оңдогон техник адистер гана отурушчу.

«Адистер 20 жылдан бери вагондо иш алып барышчу. Бүгүнтөдөн баштап жаңы имаратта жумуштарын башташат. Мындан ары Сакалды участкасы 3 айыл өкмөттөгү кардарларын тейлейт. Тактап айтканда, бул бөлүмгө Ноокен, Сакалды, Арал айыл өкмөттөрү кирет, жалпы 7192 абонент бар. Кардарлар электр энергиясына байланышкан маселелер боюнча районго убара болуп барбастан, ушул жерден өз көйгөйлөрүн чече алышат. Кийинки айда дагы эки имаратты пайдаланууга бергени турабыз.

Облуста 180 миң мамыча болсо, анын 16 миңден ашууну талапка жооп бербейт. Ошондуктан Базар-Коргондо темир бетон мамычасын чыгаруучу цех курулууда. Бул цех ишке кирсе авариялык абалдагы мамычаларды алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди К.Маматканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×