Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.08.2019 12:59 На русском

Сузакта жол кырсыктан кийин 4 адам ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районунда 4 жаран жол-транспорт кырсыгынан кийин ооруканага түштү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 28-августта болжол менен саат 20:20 чамасында Орто-Азия айылында «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа менен «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «ДЭУ Тикону» Таштак айылынын 1996-жылы туулган тургуну Ж. уулу Ж., ал эми «Фольксваген Гольфту» 1950-жылы туулган К.А. башкарып бара жаткан. Ал мас абалда болгон. Унаасы жолдун каршы тилкесине чыккан.

Жабырлануучулар:

- 1998-жылы туулган М.Ы., баш сөөгүнөн жабык түрдөгү жаракат алган, баш мээси чайкалган, мурду сынган. Учурда нейрохирургия бөлүмүндө;

- 2017-жылы туулган Ш.А., баш сөөгүнөн жабык түрдөгү жаракат алган, баш мээси чайкалган;

- 1954-жылы туулган К.А., баш бөлүгүндөгү тери сыйрылып, тытылган;

- «ДЭУ Тиконун» айдоочусу, оң тизеси ачык түрдө сынган, сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×