Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 28.08.2019 16:05

Тогуз-Тородо маданий мурастарды даңазалаган инвестициялык форум өттү (сүрөт)

Turmush -  Тогуз-Торо районунда маданий мурастарды даңазалаган инвестициялык форум өттү. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева маалымдады.

Анын айтымында, форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда саймалуу таштар, кийизден жасалган буюмдар басымдуу болду.

«Тогуз-Торонун жаратылыш парктары руханий, маданий мурастарга ээ» аталыштагы форумга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, аким, мэрлердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары жана жаштар катышты.

Форум туризм жаатында кеңири тажрыйба алмашуу, райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, инвестиция тартуу максатын көздөйт. Келген конокторго руханий жана маданий мурас болгон «Кан-Ачуу», «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш парктары тууралуу маалымат бердик. Ошондой эле форумдун алкагында көргөзмө дагы уюштурулду», - деди Г.Султангазиева.

«Кан-Ачуу» жаратылыш комплекси 2015-жылы уюшулган. Бул парктын уюштурулушу менен Кызыл китепке кирген ак илбирстин, күрөң аюунун, сүлөөсүндүн, бүркүттүн, көк жору, таз кара, кумайдын жана башка жаныбарлардын корголуп калышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Парктын аймагында өсүмдүктөрдүн 343 түрү бар. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн ондон ашык түрү өсөт.

«Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы өкмөттүн 2001-жылдын 25-майындагы №249 токтомунун негизинде Тогуз-Торо районунун түштүк-батыш тарабында уюшулган.

Парктын жалпы аянты 32007 гектарды түзөт. Анын аймагында деңиз деңгээлинен 3000-3200 метр бийиктикте ташка чегилген сүрөттөр бар. Анын болжолдуу саны 107000. Петроглифтер турган аянт 7 гектарды түзөт. «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы ушул ташка чегилген таштардагы сүрөттөрдөн улам «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы деп аталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×