Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.08.2019 09:36

Жалал-Абадда наабайкана өрттөнүп, 23 тонна ун, жүздөгөн нандар күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында наабайкана өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ленин көчөсүндөгү наабайканада болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 200 чарчы метр тунуке жана шифер менен жабылган нан бышыруучу жай толугу менен күйгөн. Анын ичинде 23 тонна ун, 261 кг ачыткыч, 200 кг туз, 85 кг кесме, 80 литр тамак-аш майы, жалпы салмагы 847 кг түзгөн нан, камыр жууруучу 1 жабдык, нан бышырган 2 меш, кесме чыгаруучу 1 жабдык, арпа чыгаруучу 1 жабдык, 4 даана эмерек өрттөндү. Учурда бул кырсыктын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×