Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.08.2019 17:21

Ала-Букада 3,2 млн сомго кичи футболдук аянтча курулду

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында 25-августта кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылышка ЖК депутаты А.Турсунбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров жана жергиликтүү тургундар катышып, кызыл тасма кесилди. Жаңы аянтчанын ачылышынын урматына спорттук мелдештер да уюштурулду.

Курулушка жалпы 3,2 млн сом жумшалып, каражат толугу менен районду өнүктүү фондунан каржыланган.

Быйыл айыл аймакта эки кичи футболдук аянтча пайдаланууга берилди. Алдыда дагы бир кичи футболдук аянтчаны ишке берүү пландалууда.

Ак-Коргон айыл аймагында 24 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×