Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.08.2019 18:11

Ишкер айым башкы бухгалтер пара талап кылган окуянын чоо-жайын айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси пара менен кармалган окуянын чоо-жайын жеке ишкер аймактык кабарчыга айтып берди.

Ишкер айымдын пикиринде, айыл өкмөттөн мектепке чейинки билим берүү мекемелерди актап, сырдоо үчүн бөлүнгөн 74 миң сом каражатты жеке кызыкчылыкка жумшоого аракет кылышканын кызматкерлердин аракетинен байкап калган. Анткени айыл өкмөттүн башкы эсепчиси тендерден бөлүнгөн акчаны товар албастан эле акчалай тапшырып кетүү керектигин айткан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органына кайрылууга мажбур болгон.

«Бүргөндү айыл өкмөтү бала бакчалар үчүн турмуш-тиричилик буюмдарын алууга тендер жарыялады. Порталга 83 миң сом деп коюшкан экен, мен утуп алдым. Порталга жарыяланган келишимди алдым, андагы телефон номурга чалсам башкы эсепчиси жооп берди. Аны менен телефондо сүйлөшкөндө «товарларымды ала барайын» десем, «өзүңүз келиңиз» деди. Барсам, «эже, которулган акчанын 74 миң сомун кайтарып бересиз, документтерин өзүбүз бөткөрүп алабыз» деди. Мен ага түшүндүрдүм, 83 миң сомдун 12%ы салыкка төлөнөт. Ошондо мен которулган акчанын 9960 сомун салыкка төгөм, силерге 74 миң сомду берсем, жеке өзүмдүн чөнтөгүмдөн салыкка 1660 сом кошуп берет экенмин. Бул жерге келип-кеткен жол киренин баары өз чөнтөгүмдөн жумшалып калат» десем, «билбейм, алып келип бериңиз» деди. Эмнеге товар түрүндө албайсыңар деп айттым. Анан булардын аракетин түшүнүп калдым.

Негизи иш ыргагы боюнча айыл өкмөттөгүлөр таза иштешсе биринчи менден товарды талап кылышы керек болчу. Товарларды кайсы бала бакчаларга таратарымды көрсөтүшсө мен ошол бакчаларга алып барып, кагаз толтуруп, анан айыл өкмөткө таштап келмекмин. Үч күндөн кийин мага акча которулушу керек болчу. Алардан аракети таптакыр башкача болду. Мындан улам каржы полициясына кайрылдым. Алар деле дароо эле кабыл алышпайт экен, баарын түшүндүрүп айтып бердим», - деди ишкер айым.

Ошондой эле ал айыл өкмөт башчы ишкер менен эсепчинин ортосундагы мамиледен кабары жок экеин айтканы менен акча которууда кол койгонун белгилөөдө.

«Айыл өкмөт башчы эч кандай тиешеси жоктугун айтып, актанып жатат. Өкмөт башчы табыштамага кол коюп бергени үчүн акча которулуп жатат. Ал товар келгенче коё тур десе, эсепчиси өз алдынча иш кыла алмак эмес. Бул жерде маселе бир эле башкы эсепчиде эмес», - деп кошумчалады ал.

Буга чейин Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бүргөндү айыл өкмөтнүнүн башкы эсепчиси ишкерден пара талап кылып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Сатыкулов 74 миң сом бала бакчалар үчүн бөлүнгөнүн айтып, пара талап кылуу фактысы боюнча толук кабары жоктугун билдирген болчу.

Окуя тууралуу

Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери мурда тендерди уткан ишкер аялдан опузалап акча талап кылууга шектелүүдө.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча район аралык бөлүмүнө арыз менен Ч.А. аттуу ишкер аял кайрылган. Ал мурда утуп алган тендер үчүн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери 70 миң сомдон ашык каражат талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси менен (опузалап пара талап кылуу) катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө башкы эсепчи өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, ишкер аялдан курулуш материалдарын жеткирүү боюнча тендер үчүн 74 миң сом көлөмдөгү каражатты опузалап талап кылганы аныкталган.

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 14-августта башкы эсепчи 40 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×