Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 23.08.2019 21:32 На русском

Айыл турмушу: Экс-чиновник элетте багбанчылык бизнесин түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Арал айылынын тургуну Нурбек Өмүрзаков 2 гектар жерге карлик жана жарым карлик көчөттөрүн эккен. Учурда түшүм жыйнап жаткан багбан менен аймактык кабарчы танышты.

Өзүнүн айтымында, 2016-жылы 2 гектар жерге алманын 4500 түп көчөтүн отургузган.

«Польшадан карлик жана жарым карлик көчөттөрдү алдыргам. Биринчи жылда эле мөмө байлады, бирок көчөттөр жакшы өсүп кетсин деп гүлүн төгүп салдык. Экинчи жылы дагы түшүмүн алган жокпуз. Эрежеге ылайык үчүнчү жылы толугу менен мөмөсүн алып баштадык. Учурда алмаларды Бишкек шаарына сатыкка жиберип, 1 килограммын 50-60 сомдон сатып жатабыз. Тез жетилип, киреше табууга ыңгайлуу болгон көчөттөрдүн биздин дарактардан айырмасы чоң. Бир түп алмадан 5-6 килограммга чейин мөмө алууга болот», - деди багбан.

Анын айтымында, бул көчөттөр 25 жылга чейин түшүм берет.

«3 түрдүү алма бир ай айырма менен бышып жетилет. Азыр алтын деликатес деген түрү бышып, аны сатыкка чыгарып жатабыз. Дагы бир айдын аралыгында кызыл алма бышып калат. Ал эми кышкыга сакталуучу алманын түрү октябрь айында терилет», - деди ал.

Ошондой эле 5 жыл мурда 2 гектар жерге жаңгактын көчөттөрүн отургузганын айтып, кийинки жылы түшүм алууну пландап жатканын белгиледи.

«Бул жаңгактар көлөмүнүн чоңдугу жана маңызынын ак түстө болгону менен айырмаланат», - деди ал.

Нурбек Өмүрзаков Түркияда окуп, менеджер-экономист кесибине ээ болгон. Буга чейин Ноокен районунун Арал айыл аймагынын башчысы болуп иштеген. Ал 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×