Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.08.2019 12:30

Сүрөт — Россиядагы мекендештер Чоң-Таш айылына арка орнотушту

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылында 13-августта жаңы курулган арканын ачылышы болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылышка мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, Россиядагы «Кара-Көл» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Ж.Масирова, коомдук бирикменин төрагасы А.Шатманов, жардамчысы У.Турсунбаев жана айылдын эли катышты.

Арканын кызыл тасмасы кесилген соң жетекчилер, аксакалдар, Россиядагы мекендештер куттуктоолорун айтышты. Арка Россиядагы мекендештердин «Кара-Көл» коомдук бирикмеси тарабынан курулган.

Ошондой эле аталган айылдын жаштары аймактын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир катар иштерди пландап жатканын айтышты. Алдыда арканын айланасына ар бир айыл тургуну 10 түп бак отургузарын жана спорттук аянтчаны оңдоо, мечитти жаңыдан куруу иштери жасала турганын айтышты.

Кара-Көл шаарында 13-августта Россияда эмгектенген жердештердин жолугушуусу өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×