Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.08.2019 09:46 На русском

Айыл турмушу: 17 жаштагы Абдулазиз дөңгөлөктүү чачтарач ачты (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 17 жаштагы тургуну Абдулазиз Анарбаев унаанын ичине чачтарач ачып, элди кыдырып кызмат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 3 жылдан бери чачтарач болуп иштейт. Унаанын ичине чачтарач ачуу идеясы кино көргөндөн кийин пайда болуп, аны ишке ашырган.

«14 жашымда тай энемдин кеңешин угуп, чач кыркканды үйрөндүм. Кийинчерээк бул өнөрдү мага үйрөткөн адамдын колунда иштеп жүрдүм. Бир күнү үйдө кино көрүп отуруп, кадимки жүргүнчү ташыган унаанын ичине атайын жабдыктарды орнотуп, жер кыдырып, чачтарач болуп иштеп жүргөн каарманды көрүп калдым. Ал нерсе мага чоң таасир калтырды. Көргөндөрүмдү бир тууган агама айттым. Ал интернеттен маалымат издеп, мага Ысык-Көлдөн кадимки жүргүнчү ташыган «Форд» үлгүсүндөгү унааны сатып келди. Унаа үйгө келгенден кийин бир аз сырдап, ичине салондогудай шарт жараттык», - деди А.Анарбаев.

Ал унаанын ичин салонго айландыруу үчүн 15 миң сомдой каражат сарптаганын айтат.

«Унаанын ичи чакан болгонуна карабай кардарлар үчүн шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Унаа таза, жарык жана кезек күткөн кардарларга орундар бар. Мындан сырткары музыка коюп, желдеткич дагы орноттук. Азыркы тапта чачты жууган идиш (раковина) койдурдук. Учурда суу чыгарууну пландап жатабыз.

Буга карабай, кардарлар көп болууда. Бир күндө орто эсеп менен 10-15 адамды тейлейм. Эми суу маселесин чечип алсам, жер кыдырып элге кызмат көрсөтүүнү улантабыз», - деди Абдулазиз Анарбаев.

Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×