Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАт-Башы району 13.08.2019 23:17

Адистердин кеңеши: Баланы кантип туура эмизүү керек? Ш.Мамбеткадырованын жообу

Turmush -  Баланы кантип туура эмизүү керек? Бул суроого Ат-Башы райондук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Шайырбүбү Мамбеткадырова жооп берди.

20190802_120823

Баланы туура эмизүү

- Баланы эмизүүдөн мурун эне өзү туура отурушу керек. Андан кийин баланы 2 кол менен эмчектин тушуна кармап, ичти баланын ичине тийгизүү керек. Эмизип жатканда бала оозун чоң ачышы зарыл. Эмчектин үрпү толук оозуна салынып, соро баштаганда бети чулчуюп, сүттү жутканы угулуп турушу зарыл. Бала тойгондо өзү эмчекти кое берет, ошого чейин эмизүү керек.

Бала убакыт менен эмес, каалаганда эмет. Кээ бир балдар 15-20 мүнөттө эле ыйлайт. Баланы ыйлатпай эмизүү керек. Күндүз 8-9 жолудан кем эмес, түнкүсүн 3-4 жолу, ошондо суткасына 12 жолудан эмизүү керек. Баланы 2 жашка чейин эмизүү зарыл. Ошондо баланы туура эмизип жатат дейбиз.

Төрөттүн аралыгы 2 жыл болсун

- Бойго бүтүү – аял үчүн чоң бакыт. Бирок пландоо керек. Балдардын ортосу 2 жылдан жогору болушу керек. Себеби, эне жыл сайын төрөй берсе ден соолугу начарлап кетиши толук мүмкүн. Баланы оорутпай чоңойтуу үчүн дарыгерлердин кеңешин алып турушу абзел.

Эне тамакты тандашы керек. Таттууларды жеп, газдуу сууларды ичүү туура эмес. Себеби, бала аллергия болушу мүмкүн. Биз жалаң табигый азыктарды сунуштайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×