Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.08.2019 15:13

Кара-көлдүк жаш боксчу Б.Кимсанов Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

Turmush -  Кара-Көл шаарынын спортчусу Б.Кимсанов Кувейтте өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль багындырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, чемпионат 1-10-август күндөрү Кувейтте өткөн. Анда Кара-Көл шаарынын №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Б.Кимсанов 3-орунду ээлеген.

Аталган мектептин директору Зуура Дүйшөбаеванын айтымында, жаш боксчуну Бакыт Култаев машыктырат.

«Кара-Көл шаарынын тарыхында биринчи жолу жаш спортчу бокс боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетишти», - деди мектептин директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×