Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.08.2019 13:21 На русском

Ысымын өзгөртүп, 4 облуста алдамчылыкка шектелген Нарындын тургуну изделүүдө. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы алдамчылык менен алектенип, издөөдө жүргөн шектүүнү табууга коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Токтогул райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Ушул жылдын 30-мартында «Кубат» аттуу жаран Токтогул шаарынын тургуну Т.А. менен бирге «Ак-Жибек» кафесинде иштеп жүрүп, ишеничине кирип, 77 миң сом акчасын алдап алгандан кийин качып кеткен. Ошондой эле ушул жылдын 1-мартында «Кубат» Токтогул шаарынын тургуну А.Т.га таандык кара түстөгү «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын оңдоп берем 19 миң 500 сом акча алып, изин жашырып качып кеткен.

Аталган 2 окуя Токтогул РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) 1-бөлүмүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Токтогул РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында «Кубат» аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу айылдын 1987-жылы туулган тургуну Ө.А. экени белгилүү болгон. Ал Чүй РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренеси (алдамчылык) менен шектелип, 2017-жылдын 22-ноябрынан бери издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Аталган шектүү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Талас жана Чүй облустарынын аймактарында ар кандай ысымдар менен алдамчылык менен алектенген деп шектелүүдө. Анын жүргөн жерин билгендер же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор 102, 0779 81-73-17 номурлары аркылуу байланышса болот. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×