Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.08.2019 16:56

Аксыда №69 кесиптик лицейди 25 жыл жетектеген С.Жаналиев иштен кетти

Turmush -  Аксы районундагы №69 кесиптик лицейдин директору Самарбек Жаналиев кызматынан кетти.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, Самарбек Жаналиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. С.Жаналиев кесиптик лицейдин директору болуп 25 жыл иштеген. Анын ордуна Точубек Тасмаев убактылуу жетекчи болуп дайындалды.

№69 кесиптик лицей айыл чарба багытындагы адистерди даярдап чыгарат. Анда 1 миңдей окуучу билим алат.

Точубек Тасмаев

WhatsApp Image 2019-08-05 at 15.34.52(2)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×