Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.08.2019 16:42

Базар-Коргондогу тез жардам кызматынын авариялык абалдагы имараты. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам кызматынын имараты авариялык абалда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тез жардам кызматынын диспетчери Гүлкан Токтосунованын айтымында, имарат 1986-жылы курулган.

«Эскилиги жеткен имаратта 10 жылдан бери эмгектенем. Чакыруу болгон жерге тез жардам унаасы менен баруу үчүн бир топ убакыт кетет. Унаа кээде жүрбөй калганда өзүбүз түртүп жүргүзөбүз. Ичинде жабдуулар жок. Чакыруу болгон жерге барганда айдоочубуз жогору жерге токтотуп, кайра жүргүзүүнүн айласын табат», - дейт фельдшер.

ӨКМ 2015-жылы Ооган-Талаа айылында жайгашкан тез жардам кызматынын имаратын кооптуу деп тапкан. Тез жардам бөлүмүндө 12 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×