Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.08.2019 15:07

Кара-Көлдө балдардын шоктугунан өрт чыкты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Кара-Көл шаарында өрт кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрт шаардын Пойма кичи районундагы №5 көп кабаттуу үйдүн алдында болуп, болжол менен 150 чарчы метр аянт, чарпая, турмуш-тиричиликке керектүү идиш-аяктар күйгөн. Өрт чыккан жерде ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери иштешти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, өрт жаш балдардын отко этиятсыз мамилесинен улам келип чыккан. Бүгүн шаарда электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн өрт чыккан жайда электр жарыгы болгон эмес.

Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Өрт кырсыгынан адам жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×