Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.08.2019 11:12

Сүрөт — Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

Turmush -  Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, район-шаарларда абал тынч.

«Дыйкандар эгин жыйноо, усталар курулуш иштери менен алек. Облуста коомдук-саясий абал тынч», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы калк арасында түшүндүрүү иштери жүргөнүн маалымдады.

«Кечээ Кой-Таштагы окуядан улам үчүнчү күчтөргө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×