Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.08.2019 14:42 Жаңыланды: 08.08.2019 17:49

Айыл турмушу: Дыйкан Э.Мойдинов эки күндө 1 тоннадай бадыраң терип сатууда

Turmush -  Базар-Коргон районунун 43 жаштагы тургуну Эркинжан Мойдинов 5 жылдан бери бадыраң өстүрүп, анын түшүмүн сатуу менен киреше табууда. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1 жылдын ичинде 2 жолу түшүм алууга жетишет.

«Биздин шартта бир жылда эки жолу түшүм алууга болот. Июнь айынын башында тиккен бадыраң түшүмүн бере баштады. Эки күндө 1 тоннага жакын түшүм терип жатабыз. Бадыраңдын килограммы 12 сомдон сатылууда. Жылуу аба ырайында бадыраң 4-5-күндө өнүп чыгат, 40 күндөн кийин түшүм берет.

Өсүмдүктү өз убагында зыянкечтерден сактоо үчүн дары чачып туруу зарыл. Мисалы, сугаргандан же жаан-чачындан кийин кошумча минералдык биологиялык жер семирткичтерди беребиз. Анткени азоттун жетишсиздиги өсүмдүктүн сабагынын жана жалбырактарынын жаман өсүшүнө, түшүмдүн төмөндөшүнө алып келет. Түшүмдү жыйнап бүтүп, ордуна күз айларында сарымсак, пияз тигебиз. Ал май айында бышат. Андан кийин кайра бадыраң өстүрөбүз. Быйыл жалпы 2 гектар жерге дыйканчылык кылганбыз. Анын ичинен 0,50 гектар жерде бадыраң, калганында жүгөрү, пахта бар», - деди ал.

Э.Мойдинов түшүм тергенде кошумча жумушчуларды чакырып, аларга күнүнө 500 сомго чейин акы төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×