Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.08.2019 11:59

Кара-Көлдө оңдоодон өткөн мектептер жаңы окуу жылына даяр

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы мектептер жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, быйыл жайында М.Фрунзе атындагы №3, Д.Шопоков атындагы №4 мектептерде окуучулар жана мугалимдер үчүн дааратканалар оңдолуп, ишке берилди.

№3 мектепке жалпы 365 000 сомдук жана №4 мектепке 800 000 сомдук инвестиция тартылган. Мындан сырткары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка мектептердин кире бериши жана тепкичтер, спорт жана жыйын залдар утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

«Билим берүү жана илим министрлигинен 5-6-класстар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде жаңы стандарттагы окуу китептери келди. Бүгүнкү күндө шаардагы мектептер жаңы окуу жылына даяр», - деди Алымкан Мырзалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×