Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 07.08.2019 14:18

Сүрөт — Казакстандагы жол кырсыктан кыргызстандык жаран каза болду

Turmush -  Казакстандагы жол кырсыктан эки адам каза болду, алардын бири Кыргызстандын жараны болгон.

Окуяга күбө болгондордун маалыматына караганда, жол кырсык Казакстандын Кызыл-Ордо шаарына жакын аймакта катталган. «Матиз» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, бири жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Күбөлөр билдиргендей, жол кырсыктан каза болгон эки адамдын бири Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну болгон. Кырсык болгон жерден анын документи табылды.

Ал эми Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Turmush басылмасынын кабарчысына жол кырсык боюнча социалдык тармактарда тараган видеодо аты аталган Ч.К. аттуу адам Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн тургуну болушу мүмкүн экендигин айтты.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев кырсыкта каза болгон Ч.К. аталган айыл өкмөттүн тургуну экенин тастыктап: «Ал мындан 3-4 жыл мурун үй-бүлөсү менен Россияга көчүп кеткен. Өткөн жылы айылга келип, туугандарына жолугуп кеткен эле», - деди.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×