Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.08.2019 13:40

Сүрөт — Сузакта 148 гектар аянттагы куураган чөп өрттөндү

Turmush -  Ушул жылдын 3-августу күнү саат 11:20 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Талаа-Булак айылынын Таш-Бака тилкесинде адырда куураган чөптөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүгө Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бирдик, Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бирдик өрт өчүрүүчү унаа, жалпы 110 кызматкер тартылып, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 2 соколуу трактор, 2 суу ташуучу (водовоз) автоунаа жана башка техникалар, жергиликтүү 60 тургун тартылган.

Жалпы күч-аракеттердин натыйжасында өрттүн башка жактарга таркоосуна саат 17:35те бөгөт коюлуп, өрт толугу менен саат 20:30да өчүрүлүп бүткөн.

Өрттүн кесепетинен 50 гектар орулган кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпа) орду, 148 гектар аянттагы куураган чөп, ошондой эле, А.С. аттуу жергиликтүү тургунга таандык 700 түк тоют жабыркаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 3 сарай, жергиликтүү тургундардын 6-7 үймөк чөбү сакталып калды.

Жайкы өрт кооптуу мезгилдин башталышы менен ушул күнгө чейин облус аймагында 136 жолу куураган чөптөрдө өрт кырсыктары катталып, натыйжада жалпы 0,95 гектар аянттагы орула элек кылкандуу дан эгиндери жана 479 гектар аянттагы куураган чөп жабыркаган.

ӨКМдин Гидрометерология агенттигинин маалыматы боюнча, 6-9-август күндөрү аба-ырайынын нормадан жогору ысык болуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×