Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.08.2019 13:12 Жаңыланды: 08.08.2019 09:20

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан 20 тонна ашкабакты сатыкка чыгарды

Turmush -  Базар-Коргон районунун 40 жаштагы тургуну Үмүтжан Курбанов 6 гектар жерге ашкабак эгип, учурда түшүмүн сатууда. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 4 жылдан бери дыйканчылык кылып, үй-бүлөлүк бюджетин толуктап келет.

«Алгач күнөсканага урук эгип, ал көчөт болгон соң жазында жерге отургуздук. Биз көбүнчө ашкабактын мускат деген сортун эгебиз. Ал башка ашкабактарга салыштырмалуу көлөмү чоң жана даамы таттуу болот. Бул сорт 6 айда бышып жетилет, оорулардан дагы оолак болот», - дейт дыйкан.

Ү.Курбанов бир гектар жерге 6 миң көчөт эгип, ал жерден 20 тонна ашкабак алганын айтат.

«Бир гектар жерге орточо эсеп менен 60 миң сомдой чыгым кетет. Буга чейин 6 гектар жердин 2 гектарына көчөт эккенбиз, учурда түшүм жыйнап, Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде сатып жатабыз. Учурда ашкабактын 1 килограммы 15 сомдон болууда, былтыр 20 сомдон сатылган болчу. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу суу жок болуп, ашкабактар куурап, бир аз чыгаша болдук. Эми калган жердеги ашкабакты август айынын аягында талаадан терип, сатууга чыгарабыз», - деди Ү.Курбанов.

Ал 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×