Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.08.2019 19:42 На русском

Жалал-Абад шаарындагы экопаркта өрт чыгып, дарактар күйүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-августта саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев атындагы экопаркта өрт чыкты.

Экопарктагы эс алуу жайынын кызматкери Асира Камчыбекованын айтымында, өрттү өчүрүүгө эс алуучулар да тартылды.

«Саат 12:00 чамасында аэропорт тарапта бир аз өрт болуп жаткан. Көп убакыт өтпөй өрт биз жакка келип калды. Ал ортодо өрт өчүрүү кызматына кабарладык. Бирок алар кечиккендиктен, эс алуу жайындагы кызматкерлер, эс алуучулар колубузга тийген идиштер менен өрттү өчүрүүгө аракет кылдык. Ашканада кардарларга тамак бышырчу газ бар болчу. Ал жерге 10 метрдей аралык калган. Эгер кечиккенибизде газ жарылып, бир топ жаман окуялар болмок экен», - деди ал.

Ал эми өрт өчүрүү кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Таштанды ташталган жерди экопаркка айландыруу иши 2007-жылы башталган. Каржы маселесине байланыштуу 2008-жылы Бакиевдердин фондуна өткөрүлүп берилген. 2010-жылы К.Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин парк Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагына өткөн. Бирок 2016-жылы соттун чечими менен кайрадан мурда 49 жылдык мөөнөткө алган жайга берилген. Кезегинде сейил бакта тянь-шань арчалары, ак карагай жана кымбат баалуу көчөттөр тигилген. Бирок 2017-жылы жалындаган өрттүн кесепетинен көктөгөн 700дөй көчөт куурап калган. Акыркы 3 жылдан бери экопаркты көрктөндүрүү кайрадан күчүнө кирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×