Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 03.08.2019 13:00 На русском

Полковник Нурбек Сыдыков Ноокен РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович Ноокен РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал 1974-жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Ички иштер органдарында 1995-жылдан бери эмгектенип келет.

Иш тажрыйбасы:

- 1991-1995-жылдары — ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебинин курсанты;

- 1995-2002-жылдары — Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук опер өкүлү;

- 2002-2015-жылдары — Ош ШИИБдин №1 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Төлөйкөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн, шаардык №2 Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн жана коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2015-2016-жылдары — Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2016-2017-жылдары — Сузак РИИБдин жетекчиси;

- 2017-2018-жылдары — Ош ШИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын улук инспектору;

- 2018-жылдан бери Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп иштеп келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×