Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.08.2019 17:01

«Кыз себи менен барктуу»: Кара-Көлдө кыздын себи канча сом болот?

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Гүлүкан Жумалиева чакан тигүүчү цехинде кыздын себине керектүү жууркан-төшөктөрдү тигет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Г.Жумалиеванын айтымында, ар бир кыздын төркүнү септи өз мүмкүнчүлүгүнө жараша берет. Көп сеп бере албагандар жок дегенде жууркан-төшөгүн белендешет. Аны алар «эки төшөк, бир жууркан» деп аташат.

«Кыздын себи эмнеден турат? Алгач кыз-күйөөгө арналып эки төшөк, бир жууркан даярдалат. Ушундай эле эки жууркан кээде кайнене жана кайнатага дагы берилет. Булар алдына салынган төшөгү, жаздыктары менен болот.

Ал эми оокаттары менен кошо бериле турган сепке 6 даана жууркан, 12 даана жөлөнгүч, жерге салына турган 8 төшөк кошулат. Жер төшөктүн төртөөнө четтерине сайма түшүрүлүп, улуттук стилде жасалат. Калган төртөө утурумдук урунууга ылайыкталып тигилет. Кээ бири мындан дагы көп кылып тиктиришет. Буга аземдеп тигилген көшөгө дагы кошулат. Эгер кездемелердин баарын өзүбүз алып жасай турган болсок, жалпы 45 миң сомго бааланат. Кээ бири буйрутма бергенге жараша 30-38 миң сомго чейин жасатышат», - дейт чебер.

Ал белгилегендей, тигүү цехинде кыздын себине керектеле турган жууркан-төшөктөрдөн тышкары боз үйдүн ички жабдыктарын, мектеп окуучуларынын формаларын тигишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×