Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак 31.07.2019 10:16 Жаңыланды: 09.08.2019 22:03 На русском

Айыл турмушу: Жалал-Абаддын тургуну төрт орундуу учуучу аппарат жасап жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын 59 жаштагы тургуну Виктор Самсонов төрт орундуу учуучу аппарат жасап жатат. Аймактык кабарчы анын эмгеги менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учуучу аппарат жасоодо ал тажрыйбалуу учкучтан кеңеш алган.

«Мындан төрт жыл мурун өзүмдүн түшүнүгүм боюнча жасаган аппараттын мотору кичине болуп калган. Бир нече каталар кеткендиктен аны бузуп, кайра жасап жатам. Экинчи жолкусун жасоодо 20 жылдык тажрыйбасы бар учкуч менен байланышып, анын кеңешин уктум. Марлис аттуу адам менин эмгектериме кызыгып, көмөк көрсөттү. Аппараттын чиймелерин берди. Россияда учуучу аппараттардын устаканасы бар, ошол жерден жабдыктарды алдырдым. Тыйын болгондо тетиктерди алдырып, ишти улантып жатам», - дейт В.Самсонов.

Анын айтымында, учуучу аппарат 250 килограммды түзүп, 4 адамды көтөрө алат. Узундугу 9 метрди түзөт. Эгер аппарат толук жасалып бүтсө, аны менен Бишкек шаарына 2 саатта жетүүгө болот.

«Бул аппарат жай учат. Ага «Субару» үлгүсүндөгү унаанын мотору коюлган, 100 чакырымга 10-15 литр күйүүчү май сарптайт. Күйүүчү майга үнөмдүү болуп, жолдо жүргөн убакыт кыскарат. Аппараттын учуп-конуусу үчүн 10 метрлик аянтча болсо жетиштүү. Бул аппарат үчүн жалпы 1000 доллар жумшадым, бирок бензонасос, генератор, радиатор сыяктуу тетиктери алына элек. Ал үчүн каражат керек. Аларды алууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Көп адамдар аппараттын учарына ишенбей турушат. Мен жасаган аппарат учат деп ишенимдүү айта алам», - дейт ал.

Виктор Самсонов үйүндөгү газ баллон жарылганда жабыркап, бир бутунан ажыраган. Балдак менен басканына карабастан эстелик жасоо менен дагы алектенет.

«Балдак менен кыйналсам дагы сүйгөн ишим менен алектенип келем. Учуучу аппарат жасоодон тышкары, ар кандай эстеликтерди жасайм. Мага балам жардам берет, ал ширетүүчү болуп иштейт», - дейт ал.

Виктор Самсонов 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×