Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.07.2019 12:28

Токтогулда 6 жылдан бери кубулма форель өстүрүлүп жатат

Turmush -  Токтогул районунда акыркы 6 жылдан бери кубулма форель өстүрүү боюнча долбоор иштеп жатат. Бул тууралуу пресс-тур учурунда маалым болду.

Компаниянын өкүлү маалымдагандай, долбоор 2013-жылы иштеп баштаган. Ал үчүн Санкт-Петербург илимий изилдөө институтунан адистер чакырылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында аймакта балык өстүрүү мүмкүн экени аныкталды.

Алгач форелдердин чабагы 2013-жылдын ноябрь айында Даниядан алынып келип, көлгө коё берилген. Бүгүнкү күндө чабактарга 6 жыл болуп, алар 8-10 килограмм салмакка жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×