Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 30.07.2019 11:30 На русском

Чаткал дарыясына түшүп кеткен жигиттин жансыз денеси Өзбекстандан табылды

Turmush -  Чаткал районунда дарыяга 1998-жылы туулган жигит түшүп кеткен. Аны издеп жаткан куткаруучулар Өзбекстандын аймагынан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин табышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19-июль күнү куткаруучуларга Ак-Таш айыл аймагында Чаткал дарыясына 1998-жылы туулган Н.у.Б. аттуу жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 29-июлда ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, саат 19:00 чамасында Өзбекстандын аймагында Чаткал дарыясынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылып, Өзбек Республикасынын ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жансыз денени таануу үчүн аталган жигиттин туугандары 30-июлда коңшу өлкөгө барышат.

Чаткал дарыясы окуя болгон жерден, тактап айтканда 800 метрден кийин Өзбек Республикасынын аймагына өтүп кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×