Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.07.2019 21:27

«12 саат сууда болдум»: Токтогул суу сактагычын сүзүп өтөм деп, ара жолдо калган Бектурдун окуясы. Сүрөт

Turmush -  Токтогул суу сактагычын сүзүп өтүүнү максат кылган 27 жаштагы Бектур Аманбековду куткарууга көмөктөшкөн М.Кадырбаев окуя тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

М.Кадырбаевдин айтымында, Бектур сүзүп өтүүчү аралык болжол менен 20 чакырымды түзөт.

«Биз аны таап, жээкке чыкканда толкун башталды. Эгер бир аз кечиккенде, толкундан таппак эмеспиз. Ал суу сактагычтын ортосуна чейин сүзүп келген. Ал эми суу сактагычтын ортосунда таза суу адамды кысат. Ал жерде артка же астыга сүзсөң дагы бир жерде тура бересиң. Андай жерден салмактуу, күчтүү жигит гана сүзүп өтө алмак. Бектур ошол ортосуна келгенде эч жылбай койдум деп айтып жатат. Анан 5 литрлик желим бөтөлкөнү көрүп, ошого жетип, аны колуна байлаган. Ошону кармап, агып кете берген.

Кечки саат 22:20да Токтогул суу сактагычынан бир жигит сүзүп өтөм деп, берки өйүзгө жетпей калыптыр деген кабарды уктум. Анан Дайыр Атабеков аттуу иним менен Токтогул ГЭСке барып, керектүү нерселерди алганча түнкү саат 12:00 чамасы болду. Ошентип Токтогул ГЭСтен кичи кеме менен тигил жигитти издөөгө жылып кеттик. Эки жарым саат дегенде жеттик. Чычкан жакка 300 метрдей калганда, аркы өйүздө издеп жүргөн балдар «Суу сактагычтын ортосу тарапта жардамга деп кыйкырып жатат» деп телефондон айтышты. Биз жээкке барып, изделип жаткан жигиттин досун салып алып, кайра ортого келдик. Анан кеменин моторун өчүрүп, үнүн тыңшап жана чырак менен карап жатып, таап алдык. Бектур кыйналып, көгөрүп, калтырап баштаптыр. Бизди көргөндө желим бөтөлкө колунан чыгып кетти, биз аны тартып, кемеге чыгарып алдык. Ошентип Бектурду досторуна тапшырып, кайра артка кеттик», - деди М.Кадырбаев.

Ал эми Бектурдун агасы Алтынбек Аманбековдун айтымында, окуя тууралуу ал саат 20:00 чамасында уккан.

«Өзүм ГЭСте иштейм. Кечинде ишке баргам, саат 20:15те анын достору чалышып: «Бектур саат 15:00 чамасында сууга түшкөн бойдон жок» деп айтышты. Мен иш ордума бирөөнү коюп, издегени жөнөдүм. Кесиптешим Дайыр Атабековго айтсам, ал Марат аттуу кишинин кичи кемеси бар экенин айтты. Өзүм Көк-Белди көздөй барып, Токтогул суу сактагычы тараптагы жээкте тургандарга телефон чалсам, ӨКМдин Токтогул районундагы бөлүмүнүн куткаруучулары келип, таппай кетишкенин айтышты. Иним жакшы сүзгөндүктөн, үмүтүмдү үзгөн жокмун. Саат 22:00 чамасында ӨКМдин Кара-Көлдөгү бөлүмүнө чалсак: «Караңгы кирип калды. Бизде суучулдар жана кайык дагы жок. Эртең менен издейбиз» деп айтышты. Анан биз балдарды Көк-Бел, Токтогул ГЭСтер Каскады тараптан издөөгө жөнөттүк.

Шамал Токтогул району тараптан болгондуктан, иним толкун менен жээкке чыгат деп ойлодум. Өзүм Токтогулду көздөй жөнөдүм. Түңкү саат 12:00 чамасында жээктерден издеп баштадым. Аңгыча Каскад тараптан издеп жаткан балдар телефон чалып: «Бул жакта жардамга деген үн чыгып жатат» дешти. Мен Марат, Дайыр байкелерге чалып, айттым. Алар барып, таап куткарып калышты. Терең ыраазычылык билдирем. Марат, Дайыр байкелер өмүрлөрүн тобокелге салып, инимди таап беришти», - деди А.Асанов.

Ал эми Бектурдун кесиптеши Токтосун Аскаров саат 21:00 чамасында достору менен издөөгө барганын айтат.

«Суу сактагычтын жээгинен экиге бөлүнүп, издеп бараттык. Кетмен-Төбө айылына жакын жерден «жардамга» деген үн уктук. Анан биз Бектур деп кыйкырсак, бизге жооп берип жатты. Үндү уккандан кийин тыңшап, даана угулган жерге чейин барып, «чыдап тур, азыр куткарышат» деп жаттык», - деди ал.

Ал эми Токтогул суу сактагычын сүзүп өтөм деген Бектур Аманбеков 12 саат сууда болгонун айтты.

«28-июлда саат 15:00дөр чамасында Токтогул ГЭСтер Каскадынын тушунан аркы өйүзгө Токтогул району тараптан сүзүп баштагам. Мага алгач жакын көрүндү. Бирок буга чейин сүзүп өтөрүмө көзүм жетип, өзүмдүн күчүмө ишенчүмүн. Жарымына чейин сүзүп барып келген күндөрүм болгон. Буга чейин кээде физикалык жактан даярданып, сүзүп өтөм деп жүргөм.

Болжол менен 6 саат дегенде ортосуна жеттим. Ортосу аябай чоң экен. Ортосунан бир аз өткөндө караңгы кирип калды, багытымды жоготуп койдум. Караңгыга чейин шамал болуп, толкун болорун билип калдым. Анан балыкчылардын салган торундагы желим бөтөлкөнү таап алдым. Анын байланган жибин жарым саат дегенде тишим менен кырчып үзүп, аны оң колтугума, кайра сол колтугума кучактап сүзүп олтурдум. Байкашымча жээкке 1 чакырымдай эле калгандай сезилди. Анткени жээктеги унаалардын жарыгын көрүп, мени издегендерди билип жаттым. Мен сүзгөн дистанцияны жөө адам 2 саатта басып өтөт. Эгер кайык болсо 2 саатта сүзүп өтөт. Ал эми сүзгөндө буга чейин 4-5 саатта өтөт деп укчумун. Мен ушул убакытта сүзүп өтүп, тиги өйүздө калган досторума телефон чалып коём деп ойлогом. Толкун болду, сүзүп бараттым, өзүмдү жоготуп, дүрбөлөң болгон жокмун. Мени издеп жатканын билип, кыйкырдым. Түшкү саат 15:00дөн түнкү 03:00 дегенде кайык менен алып кетишти. Суу сактагычты сүзүп өтүү үчүн даярданып, анан коштоочулар менен сүзүп өтүү керек экен. Анткени өзүң жалгыз сүзүү кыйынга турат экен. Суунун бир жеринде муздак агым бар экен, ал жерден 1 сааттай сүздүм. Эгер кайык барбаганда таң атканга чейин жээкке чыгам деп жаткам. Анан мени издеп жаткандарын көрүп, жардамга чакырдым», - деди Бектур.

Бектурдун агасы Алтынбек: «Иним жаштык кылып, сууга түшүп кетиптир. Күн ысыганда Токтогул суу сактагычына Токтогул району жана Кара-Көл шаарынан эл келип түшүп, эс алышат. Ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Ошондуктан ӨКМдин Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын бөлүмдөрүнөн адамдарды куткарууга кайык, кеме, скутер жана кубаттуу чырактарды алууну өтүнөм. Алар жабдыктары жок болгондуктан бизге өз убагында жардам көрсөтө алган жок», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×