Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.07.2019 13:13 Жаңыланды: 25.07.2019 16:43 На русском

«Өзүбүз өндүргөндү үйрөнөлү»: Депутат айымдын элеттеги эмгеги. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылынын 39 жаштагы тургуну Жийдегүл Мавлянова айылдык кеңештин депутаты болуп иштегенден тышкары айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси, «Даткайым» өз ара жардамдашуу тобунун лидери болуп эмгектенип келет. Ишкерликке дилгир элеттик айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал айылдык кеңештин депутаты катары аялдарды ишкерликке тартуу, алардын экономикалык укуктарын кеңейтүү, көйгөйлөрүн чечүү жаатында иштеп келет.

«Учурда «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасынын колдоосу менен сүттү кайра иштетүү багытында иштеп жатабыз. Биздин аймакта сырье көп, бирок кайра иштетүү боюнча көйгөй бар. Мындан улам аялдардан турган топ түзгөнбүз, алар жумасына 3 күн чогуу иштешет. Топтун фондунда 10 миң сом чогулду. Алар курут, сары май, чөбөгө, йогурт, каймак, сыр даярдап, айыл тургундарын, жеке кардарларды тейлеп жатышат. Курут 150 сомдон, сары май, чөбөгө 300 сомдон, йогурт, каймактын бир стаканы 20 сомдон сатылууда. Сүттү кайра иштетүүчү жабдыктарды алуу үчүн долбоор жазганбыз. Ишкерликти жүргүзүү боюнча тренингдерге катышкан соң керексиз чыгымдардан арылдык.

Мындай жетишкендиктер топтогу мүчөлөрдүн ынтымагы аркылуу келди. Жалгыз эч нерсеге жетишпей жаткам. Топтогу менден улуу эжелер дагы мени жаш дебестен сунуштарга макул болуп, чогуу иштешебиз», - дейт ал.

Жийдегүл Мавлянованын айтымында, топтогу аялдар сүттү кайра иштетүүдөн тышкары жашылча-жемиштерди өстүрүү менен дагы алектенишет.

«Капуста бышып, бадыраңды терип, жергиликтүү дүкөнгө 30 сомдон сатып, ортолук фондубузду көбөйтүп жатабыз. Андан сырткары гүл өстүрүү менен да алектенебиз», - дейт ал.

Ошондой эле ал сүттөн өндүрүлгөн продукцияларды коңшу өлкөлөрдөн сатып албастан, өз жеринде өндүрүү ишин өнүктүрүп жатканын айтат.

«Сүттү өзүбүздүн айылда эле өндүрүп, сатсак деле пайда тапмакпыз. Биринчиден таза, жаңы өндүргөн азык-түлүктөр менен бала-чаканы камсыздасак жакшы да.

Бир күнү дүкөнгө кирип калдык. Балам курут жейм дегенинен жакшы тазаланып, таңгакталган курутту сатып бердим. Сыртындагы жазуусун окусам коңшу Өзбекстандан чыгыптыр. Эмне үчүн өзүбүздө бар продукцияларды өзүбүз өндүрө албайбыз деп ызаландым. Ошол эле сүт азыктарынан продукцияларды өндүргөндү үйрөнүп, сатыкка чыгарсак жаманбы? Эми ушул долбоордун алкагында иштеп жатабыз», - деди Жийдегүл Мавлянова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×