Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 19.07.2019 08:37

Тогуз-Торо РИИБге милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Turmush -  Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө ЕККУ тарабынан милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Маматазиз Хажиматов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укук жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, РИИБдин өздүк курамы катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө милициянын калк менен натыйжалуу иштешүүсүндө милициянын көчмө кабылдамасы маанилүү экени белгиленди.

Ошондой эле заманбап автоунаа GPS навигатору менен жабдылып, онлайн түрдө көзөмөл кылууга мүмкүн экени айтылды. Өз кезегинде коомдук көчмө кабылдама милиция менен элдин мамилесин, ишенимин бекемдеп, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк жарата турганы айтылды. Өзгөчө алыскы айылдардагы калк менен жеринен иш алып барууда көчмө кабылдаманын ролу чоӊ экенин белгилешти.

Милициянын көчмө кабылдамасы 102 кызматына байланышкан жарандарга барып, алардын арыздарын кабыл алат. Унаада атайын китепче болуп, ага кайрылган адамдын аты-жөнү, айы, күнү, эмне маселе менен кайрылганы, кабыл алган адамдын аты-жөнү жазылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×