Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.07.2019 13:36

Ала-Букада 60 бала жайлоодогу бала бакчаларда окуп жатат

Turmush -  Ала-Бука районунда 3 жаштан 12 жашка чейинки 60 бала жайлоодо боз үйдөгү бала бакчаларда окутулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун 3 айыл өкмөтүндөгү жаш балдар үчүн өнүктүрүү борборлору ачылды. Андагы балдар үчүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү мастер-класстар уюштурулууда.

«Жайкы эс алуу учурунда 3 жаштан 12 жашка чейинки 60 бала жайлоодо боз үйлөрдө окуп жатат. Алар улуттук каада-салттар менен дагы таанышууда. Ошондой эле анда кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу жана башка багыт боюнча мастер-класстар уюштурулуп жатат», - деп билдиришти администрациядан.

Ала-Бука районунун аймагындагы 45 мектепте 17 миңге чукул окуучу билим алса, 29 бала бакчада 3 миңдей наристе тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×