Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.07.2019 19:30

Чаткалдын кире беришине арка орнотулду

Turmush -  Чаткал районунун кире беришине арка орнотулду. Бул тууралуу Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки арканын эскилиги жеткендиктен жаңысын орнотууну чечишкен.

«Чаткал районунун кире беришине «Чаткал району» деген жазуусу бар арка орнотулду. Ага 4 айыл өкмөттү чагылдырган боз үйдүн сүрөтү кошулду. Ал инвестициялык компания тарабынан каржыланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×