Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.07.2019 09:21

Чаткалда жардамга муктаж 2 үй-бүлөгө үй курулуп жатат

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында жардамга муктаж 2 үй-бүлөгө ашар жолу менен үй курулуп жатат. Бул тууралуу айыл башчы Кайнарбек Рысбай уулу билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүүлөр каражат топтоп, курулушту жүргүзүп жатышат.

«Чаткал райондук администрациянын жетекчиси бир үйдүн курулушуна 70 миң сом бөлүп берди. Күзгө чейин үйлөр толук курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылат», - деди ал.

2018-жылы Айгыр-Жал айылындагы аз камсыз үй-бүлөгө ашар жолу менен үй курулуп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×