Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.06.2019 13:30

Мекендештер: Абу-Даби шаары 25 жаштагы Нурпейилдин көзү менен. Сүрөт

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Төлөбаева Нурпейил. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Бирдик айылында туулган. Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде орус филологиясы факультетинде билим алган. Андан кийин К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика факультетинде магистратурада окуган.

«Бул жакка келгениме 8 ай болду. Кичинекейимден эле саякаттоого кызыкчумун. Ал үчүн эң негизгиси тил билүү керектигин түшүнүп, Кыргызстанда англис тилин үйрөткөн курстарга барып жүрдүм. Тилди тереңдеп өздөштүрүү үчүн тажрыйба алуу максатында келдим.

Учурда Абу-Даби шаарындагы 5 жылдыздуу Jumeirah at Etihad Towers отелинде, тактап айтканда италиялык ресторанда официант болуп иштеп жатам. Маянам 1000 доллар. Бул отелдин директору Бишкекте маектешүү өткөргөн эле. Ага жалпы 300дөн ашуун адам катышып, анын ичинен 36 адам өткөнбүз. Азыр баарыбыз бир туугандай болуп калдык, бири-бирибизге жардам берип турабыз.

Бириккен Араб Эмирлигинин калкынын 90 пайызын башка улуттагы адамдар түзгөндүгү үчүн жергиликтүү эл менен иш алып барууда, сүйлөшүүдө эч кыйынчылык болбойт. Экономикасы алда канча жогору, аны жасалма арал салып жатканынан эле байкаса болот. Тейлөө кызматы дагы жогорку деңгээлде жана тамак-ашындагы айырмачылыктар кыйла байкалат. Бул жактагы башка улуттагы адамдардын көпчүлүгү ачуу тамактарды жакшы көрүп жешет, ошондуктан мен жаңы келгенде тамагына бир аз көнбөй жаттым. Ал эми жергиликтүү элдин тамактары биздикине бир аз окшош, мисалы, булардын самуса деген тамагы биздин самсага окшош.

Аба ырайы ысык болгондуктан көпчүлүгү пляжга барышат, суусу өтө туздуу. Сууга түшкөнү барган сайын Ысык-Көлдү эстейм, жанымдагы башка улуттагы досторума Ысык-Көл тууралуу айтып берем», - дейт ал.

Ошондой эле ал Абу-Даби шаарында жол кырсык болгон учурда тиешелүү кызматтардын кандай иштегенине күбө болгонун айтат.

«Мен 8 айдын ичинде бир гана жолу жол кырсыгына күбө болдум, анда да эки тарап тең эч бир оор жаракат алган жок, ошентсе дагы тез жардам кызматы адамдарды заматта алып кетишти. Андан көп өтпөй эле милиция кыматкерлери да келип калышты. Мен жол кырсыктарынын чанда гана болгонуна жана тез жардам кызматы менен милиция кызматкерлеринин заматта келип калышына таң калдым.

Ал эми Бишкек шаарында жол кырсыгына күндө күбө болобуз. Тез жардам кызматынан мурун милиция кызматкерлери келгени менимче туура эмес. Мындай кемчиликтер буюрса жоюлуп, Бишкек коопсуз шаарга айланат деп ишенем», - дейт мекендешибиз.

Нурпейил Араб Эмирлигине келген кыргыз спортчуларын колдоп тосуп алышарын кошумчалады.

«Азия Кубогунда Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын ортосундагы оюнга биз дагы барып, кыргызстандык футболчуларды сүрөп турдук. Жакында эле Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы БАЭнын командасын жеңип алганына дагы күбө болдук. Биздин спортчулар мыкты оюн көрсөтүштү, бөтөн жерде мекениңе болгон сезимдер өзгөчө болот экен.

Мен журналистика тармагында билим алгандыктан келечекте англис тилинде телекөрсөтүүлөрдү алып барсам деген максатым бар. Буюрса бул максатым дагы ишке ашат деп ойлойм», - деди ал.

Нурпейил үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×