Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.06.2019 10:46

Казарман—Жалал-Абад жолундагы ашууда 7 унаа тыгылып калды

Сары-Кыр ашуусу
Сары-Кыр ашуусу

Turmush -  Казарман—Жалал-Абад унаа жолунда 7 унаа тыгылып калды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2-май күнү саат 20:00 чамасында Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 35-чакырымында (Сары-Кыр ашуусу) 7 унаа (2 оор жүк ташуучу жана 5 жеңил унаа) өтө албай калган. Ал жерге акимдин орун басары, куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, 1 фельдшер, РИИБдин 2 кызматкери барып, 7 унаадан 14 жүргүнчүнү (12 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) саат 04:30да Казарман айылына алып келишкен.

«Учурда ашууда 7 унаанын айдоочулары унаалары менен калды. ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана №18 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүчү жолду тазалап жатат. Аталган унаа жол Тогуз-Торо районунун акиминин буйругунун негизинде жабылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×